Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 6-декабрь күнү саат 19:51 чамасында болгон. Анын очогу Баткен облусунун аймагында жайгашып, Баткен районунун Үч-Дөбө, Рават айылдарында 3 баллга сезилген. Алдын ала маалыматка таянсак, табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.