Бүгүн, 23-апрелде президент Алмазбек Атамбаев КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуу учурунда министр өлкө башчысына өзүнүн Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнө болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммити тууралуу да сүйлөшүү болду. Президент ШКУнун саммитин жогорку деңгээлде уюштурууну Эрлан Абдылдаевге дайындады. Мындан сырткары Жамааттык коопсуздук кеңешинин формалдуу эмес сессиясына даярдыктарды көрүү боюнча пикир алышуу болгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.