Сузак районунда жер тилкесин мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш иши козголду

Сузак районунда жер тилкесин мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы Сузак райондук архитектура, шаар курулуш жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктуу каттоо башкармалыгынын, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына "жер мыйзамын бузуу", "кызматтык жасалмачылык", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

"2013-2014-жылдар аралыгында жогорудагы мекемелердин кызмат адамдары ич ара сүйлөшүп алышып, айыл чарбага ылайыкталган жерди турак жай куруу үчүн жеке тарапка берип коюшкан. Кийин ал 4,24 гектар болгон жер тилкесин 60 адамга сатып жиберген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан