Кылычбек Султанов өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 5-декабрда кол коюлганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Султанов Кылычбек Камчыевич:
1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.
1996-2000-жылдары - Кыргыз Республикасындагы ММКларда эмгектенген;
2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;
2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри;
2014-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси;
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси;
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.