Индонезиянын Суматра аралында болгон жер титирөө 100гө жакын адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн эртең менен аталган аралдын түндүк тарабында болгон. Анын күчү очогунда 6,5 баллга жеткен.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жер силкинүүдөн улам бир нече имараттар кыйрап, жүздөгөн адамдар жабыркаган. Ошондой эле каза болгон жана жабыркагандардын саны мындан да артышы мүмкүн экенин айтышууда.