КҮНСЕРЕП: Салютсуз асман - экологияны коргоого карай бир кадам

Бүгүн, 7-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе 2017-жылдын апрель айында отставкага кетет. Президентке импичмент жарыялоого жетиштүү добуш бар экени айтылган соң өлкө лидери кызматтан кетүүгө макул болгон. Корея парламенти импичмент жарыялап, Конституциялык Сот аны жокко чыгарбаса, Пак Кын Хэ президенттик ыйгарым укуктарынан айрылат. Түштүк Кореянын лидеринин жакын курбусу "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин башталган жаңжал президенттин отставкасы менен аяктаганы турат. Президенттин отставкага кетүүгө көнүшү - Түштүк Кореядагы саясий маданияттын көрсөткүчү. Кыргыз коомчулугунда мындай маданият калыптана элек, жакын адамынын жоругу үчүн жогорку кызматтан баш тартуу кыргыз чиновниктеринин арасында боло элек. Бизде чиновниктер акыркы күчү калгыча кресло үчүн күрөшөт.

2016-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеванын бир тууганы Эрмек Жолдубаев баңгизат менен кармалганын Казакстандын тийиштүү органдары ырастаган. Башкы прокуратура бул маалыматты четке кагып, комментарий берген жок. Казакстандын расмий органдары тастыктаса, демек, Жолдубаеванын кызматта кармалууга моралдык укугу жок эле, бирок унчукпай коюп жеңди. Жолдубаева азыркыга чейин башкы прокурор кызматында. 2011-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаты (азыр да депутат) Дастан Бекешевдин бир тууганы Руслан Бекешев да баңгизат менен кармалган. Депутат окуяны "атайын каралоо" деп атап, бирок атайы жасалганы коомчулукка далилденген жок. Экс-башкы прокурор, азыркы депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров УКМК тарабынан "алдоо жолу менен 50 миң доллар алган жана Бишкек шаардык жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келген" деп айыпталып, Бишкек шаардык соту тарабынан 7 жылга шарттуу кесилди. Салянова бул ишти "бийликтин мага карата кысымы" деп атап, бирок күйөөсүнүн Бишкек шаардык жылуулук борборунун ишине кийлигишпегенин далилдеп бере элек. Курманбек Бакиевдин тушунда парламенттик комиссия "президенттин иниси Жаныш Бакиев УКМК жана башка мамлекеттик кызматтарды пайдалануу менен депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө баңгизат салып, Польшадан полицияга карматты" деп далилдеп, чечим чыгарып берген. Ошондо Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиевди УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошоткон. Эгерде Түштүк Кореядагыдай мыйзамды жана коомчулукту сыйлоо болсо, инисине кылмыш иши ачылып, агасы "президенттик кызматын улантууга моралдык акысы жок" деп отставкага кетиши керек эле. 2007-жылы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев автоунаасы менен 27 жаштагы жаранды сүзүп өлтүргөнүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгып, бирок сот Бакиевдин уулунун пайдасына чечим чыгарган. Макаланы жазган гезитке 1 миллион сом айып салынган. 2011-жылы Бишкектин ошол кездеги мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев автоунаасы менен каршылаш келе жаткан автоунааны сүзүп, кырсыктан 3 адам каза тапкан. Мэрдин уулу камалган жок, 7 жылга шарттуу түрдө соттолду. Айтор, кыргыз саясатчыларын моралдык жоопкерчилик менен "коркутуу" кыйын. Ошондуктан коомдо мыйзамды сыйлоо жок. Адамдар жогорку кызматтагы тааныш-билиштерине, дос-туугандарына таянып мыйзамсыз иштерди жасап, жоопкерчиликтен кутулуп кетишет. Чиновниктер элге таза иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүшсө, коом да аларга карап түздөнмөк...

Республика боюнча сасык тумоого байланыштуу кырдаал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин билдиришинче, 2016-жылдын 10 айында ооруга кабылгандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 5,8 пайызга өстү. Сасык тумоого чалдыккандардын 64 пайызы 14 жашка чыга элек жаш балдар. Окуучулардын көбү ооруп сабакка келбей калгандыктан, Бишкек шаарында бардык мектептер, аймактарда 141 мектеп жабылды. Карантинге байланыштуу жабылган мектептерде окуу качан улантыла баштаары белгисиз. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл эмне үчүн сасык тумоодон жабыркагандар кескин көп? Себептеринин бирин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Артур Буюклянов түшүндүрдү. Айтымында, азыркы илдет - сасык тумоонун жаңы тиби, ага каршы жарандарда иммунитет калыптана элек. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча сасык тумоого 16 миңдей адам кабылды. Алардын 60 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки жаш балдар болсо, 34 пайыздан көбү 5 жашка чейинкилер. Ооруканаларда орундар жетишсиз. Мындайда жарандар өзүнө гана таянышы керек, адистер тамак-аш рационунда мөмө-жемиш, жашылчаны көп колдонууну сунуштап жатышат. Балдарды сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн президент Алмазбек Атамбаев Саламаттык сактоо министрлигине 1,8 миллион сом бөлгөнү белгилүү болду. Эмдөө - оорунун алдын алуу, андыктан эмдөө кыш келгенде эмес, күз айларында жасалышы керек эле. Сасык тумоо жайылып кеткенден кийинки эмдөө айла кеткендеги чара...

Кыргыз жеринде пиротехникалык каражаттарды (петарда, фейерверк, салют жана башкалар) сатууга жана колдонууга тыюу салынды. Бул чечимин Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы кыш мезгилинде пиротехникалык заттардан жабыркагандардын көбөйүшү менен түшүндүрүп, талапка баш ийбегендерге 50 миң сом айып салынарын эскертти.

Салюттар адатта Жаңы жылдагы майрамдык маанайдын, салтанаттуу иш-чаралардын белгиси катары өлкөдө кеңири колдонулат. Бул каражаттар баарынан мурун жаш балдарга кызык. Ошондуктан ата-энелер балдардын көңүлү үчүн Жаңы жылды утурлай сатып алышат. Бирок аларды колдонуудагы коопсуздукту баары эле сакташпайт, жыл сайын Жаңы жылда ондогон адамдардын дал ушул жарылуучу заттардан кырсыкка учурап жатышынын себеби да ушул. Жаңы жылдын алдында денелерин күйүккө алдырып, олуттуу жаракат алгандар болот. Мисалы, былтыр Жаңы жыл майрамында пиротехникадан 24 адам ар кандай жаракат алган. Пиротехника буюмдарынын коркунучу айтылып жүргөнү менен, сатууга атайын тыюу салына элек болчу. Жыл сайын кыш мезгилинде тийиштүү органдар андай каражаттардын мыйзамдуулугун жана кампада сакталуу нормасын текшерүү менен чектелип келген. Кантсе да бул жолу чечкиндүү кадам жасалды. Анын үстүнө мындай каражаттар кышкысын өрт кырсыктарынын да себепчиси болуп келет. Мисалы, 2015-жылдан 2016-жылга өткөн түнү эле жергебизде салют, фейерверктерди туура эмес пайдалануудан 19 өрт чыгып, ири суммада зыян алып келген.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2011-жылы Кытайдан Кыргыз жерине 385 тонна пиротехника буюмдары киргизилип, суммасы 892 миң долларды түзгөн (тийиштүү органдардан соңку жылдардын статистикасын тактоо мүмкүн болбоду). Бул - кыргызстандыктардын аз эмес акчасы жаңы жылдык салюттарга жумшалат дегендик. Өкмөттүн тыюу салышы менен үй-бүлөлүк бюджеттин үнөмдөлүшү да күтүлүүдө. Пиротехникалык каражаттарды ири сумма коротуп сатып алуу акчаны шамалга сапырууга тете. Адатта тыюу салынган нерсеге талап жогорулат кетет, бул жолу базарларды мыйзамсыз каражаттар каптап кетүү коркунучу бар. Пиротехника ташып келүүчүлөр аткезчиликке ыктап, базарлар менен соода түйүндөрүндө көмүскө сатылып башташы мүмкүн. Ошондо жарактуусу да, эскирип жарактан чыкканы да сатылып кетиши ыктымал. Бул - жарандардын коопсуздугуна эки эсе коркунучтуу көрүнүш.

Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан пиротехника буюмдарын чыгарган Кытайдын өзүндө бул каражаттарды колдонууга чектөөлөр бар. 2016-жылдын башындагы маалыматтар боюнча, Кытайдын Шанхай баш болгон 138 шаарында салют жана фейерверк аттырууга уруксат жок, ал эми 536 шаарында атайын чектөөлөр киргизилген. Максаты - экологияны коргоо. Кыргыз жеринде азырынча экология жөнүндө сөз боло элек, бирок Жаңы жыл түнү Бишкектин үстүн бир топко чейин түтүн каптап турарын бийик жерден көрүүгө мүмкүн. Бишкекте автоунаалардын саны нормадан эки эсе көп экени айтылып жүрөт, демек, алардан бөлүнүп чыккан зыяндуу газдын өлчөмү да ошого жараша. Бир кезде жашыл шаар аталган Бишкектин дарактарынын жалбырагын жайында курт жеп, куураган дарактар шамалда сынып түшүүдө. Жазындагы ишембиликтерди эске албаганда, эски дарактын ордуна жаңы көчөт отургузуу ишин Бишкек мэриясы комплекстүү иш катары жолго сала элек. Мындай темпте экологияны сактоо темасы Бишкек үчүн да жакынкы жылдары башкы көйгөйгө айланып калышы толук мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан