Түп районунда кыйноого шектелген милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Түп райондук прокуратурасына жергиликтүү тургун кайрылып, Түп РИИБинин кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрынан 22-ноябрына караган түнү Б.А. аттуу баласын үйүнөн алып чыгып кетишип, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн кыйноого алышканын айткан. Натыйжада Б.А. денесинен жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Учурда милиция кызматкерлеринин үстүнөн "кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.