Нуржан Тынымсеитова: "Шаарды өнүктүрүү боюнча бардык пландар коомчулукка ачык болушу керек"

Бишкек шаардык кеңешине СДПКдан талапкер Нуржан Тынымсеитова шаарыбыздагы баш аламан жүрүп жаткан курулуш иштерине кабатыр. Анын айтымында, мындай абалды шаардын бийлиги борборубузду өнүктүрүү планын ачык-айкын иштеп чыгып, курулуш иштерине уруксат берүү алдында коомчулуктун пикири менен эсептешүү аркылуу өзгөртсө болот.

«Мен БШКдагы СДПК фракциясы шаарда жүрүп жаткан курулушту туура жолго салуу үчүн көп күч жумшаганын айта алам. Тилекке каршы, шаарыбыздагы жаңы курулуштардын көбүнүн уруксаты
2006-2009-жылдары, мыйзамдуулукту сактоого көзөмөл абдан солгундай түшкөн учурда берилген. Анын жыйынтыгын биз азыр көрүп жатабыз. Мындай учурда куруучуларга чара көрүү татаал, себеби формалдуу түрдө алардын колунда тиешелүү документтери бар. Бирок бул социал-демократтар ушуну менен кол куушуруп отуруп калды дегендик эмес.

Биздин демилгебиз менен Бишкектин борбордук бөлүгүн толук пландоо долбоорун иштеп чыгууга бюджеттен 20 миллион сом бөлүндү. Ошол каражатты бөлгөн боюнча унутуп калбай, биз жумуштун жүрүшүн да дайыма көзөмөлдөйбүз. БШКда аны аткаруучуларды бир нече жолу угуп, өзүбүздүн сунуштарыбызды да бергенбиз. Азыркы учурда бул иш аягына чыгып баратат. Ордо калаанын очогун толук пландаштыруу – бул кайсы жерге үй курулушу керек, кайсы жерге бак-дарак отургузулуп, балдар ойноочу аянт сыяктуу дагы башка зарыл нерселерди ийне-жибине чейин пландоо.

Долбоордун жыйынтыктоочу этабында шаардыктардын катышуусу менен ачык талкууга алынышын мен туура деп эсептеймин. Андан соң мэриянын сайтына бул документти жайгаштырып, Бишкектин каалаган тургуну тааныша ала турган шарт түзүү зарыл.

Биз кайсы бир убактарда уурдалып, мыйзамсыз ээленген шаарга тиешелүү аянттарды кайтарып алуу үчүн активдүү күрөштүк. Албетте, анын арасында шаарыбыздын көркү болгон жашыл зоналар да бар. Ошондон бир мисал – бул 6-кичи райондогу Кайың токойчосу. Ал жерге салынуучу имараттын планы да чийилип калган. Биз ага кичи райондук маанидеги статусту берип, чек арасын так аныктап койдук. Эми ошол чек араны эч кимдин буза албастыгына кепилдик бар.

Биз ошондой эле азыркы убакка чейин сот процесси уланып жаткан Фучик атындагы сейил бак үчүн да күрөштүк. Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги Журналисттер аллеясы үчүн күрөштө жеңишке жетиштик. Эгер БШКнын кийинки чакырылышына кайрадан келип калсам, мен шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн бул күрөштү дагы улантам. Анткени мыйзам чыгаруу органындагы эмгектенген төрт жылдын ичинде мен шайлоочуларымдын укугун эффективдүү коргоо үчүн жетишерлик тажрыйба топтодум».

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 7-декабрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан