Орусиялык “Роснефть” компаниясы менен “Манас” аэропорту мунайзат менен камсыз кылуу тармагында кызматташуу келишимине кол коюшту. Келишим 22-апрель күнү Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында түзүлдү. Ага ылайык, “Роснефть” компаниясы 2013-жылдын 15-майына чейин Кыргызстанга атайын өкүлчүлүгүн ачат. Бул өкүлчүлүк инфраструктураны жана мунайзат менен камсыздоо максатында түзүлмөкчү. Ошондой эле комиссия “Роснофеттин” Кыргызстандагы “Манас” жана “Ош” аэропортторунун аймактарына мунай базаларын куруу долбоорун жактырды. Айта кетсек, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга болгон иш сапарынын алкагында аталган орусиялык ишкананын президенти Игорь Сечин менен жолугушту.