“Токмок шаарында баңгизатты мыйзамсыз сактап жүрүү фактысы катталды”. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, кечээ, 22-апрелде укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган шаардын 41 жаштагы Т.И. аттуу жашоочусунун үйү тинтүүгө алынып, жыйынтыгында 320 грамм баңгизат табылган. Бул зат - марихуана экендиги белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.