Конституцияны өзгөртүү аракети ишке ашпаган Италиянын премьери отставкага кетти

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци (сүрөттө) расмий түрдө отставкага кетти. Анын кызматтан кетүү арызын өлкө президенти Серджо Маттарелла канааттандырганы белгилүү болду. Ренци жаңы премьер шайлангыча премьердин милдетин аткарып турат.

Маалыматтарга таянсак, 8-декабрда президент өкмөттүн жаңы курамы боюнча Италия парламентинин Депутаттар палатасы жана Сенатынын спикерлери менен сүйлөшүүлөрдү баштайт. Андан соң өлкөнүн негизги партиясынын өкүлдөрүн кабыл алып, кырдаалдан чыгуу жолун талкууламакчы.

Белгилей кетсек, Маттео Ренци мамлекетти башкаруу системин өзгөртүү боюнча референдумду өлкө жарандары колдобой койгондуктан кызматтан кетти. Италия бийлиги парламенттин Жогорку палатасынын депутаттарынын санын 315тен 100гө түшүрүүнү жана башка өзгөртүүлөрдү демилгелеп чыгып, долбоор референдумга коюлган. Өзгөртүүлөргө жарандардын 59,11 пайызы каршы добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан