"Forbes" басылмасы америкалык кино жылдызы Жонни Деппти кесиптештеринин арасынан чоң суммадагы гонорар алып, бирок аз пайда алып келген актёр деп атады. Басылманын эсептөөсүнө караганда, Деппке кеткен ар бир доллар чыгым үчүн киностудия болгону 2,8 доллар киреше тапкан. Актёрдун мындай аз кирешелүүлүгүнө "Алиса күзгү артында" тасмасынын сатыкта "кулап" калганы себеп болгон.
Экинчи орунду Уилл Смит, үчүнчү орунду Ченнинг Татум алган. Алар кинокомпанияларга алган гонорарларынан анча көп эмес пайда алып келишкен. Ашыкча бааланып, кино тартуучу топко аз суммада киреше алып келген актёр-актрисалардын ондугуна Уилл Феррелл, Жорж Клуни, Адам Сэндлер, Марк Уолберг, Леонардо Ди Каприо, Жулия Робертс жана Брэдли Купер кирген.
Басылма рейтингди аныктоодо ар бир актёрдун акыркы 3 негизги тасмасын алып, ал тасмалардан түшкөн киреше менен артисттердин гонорарын салыштырып көргөн.
Өткөн жылы да Жонни Депп "аз киреше алып келген актёр" деп аталган. Ал эми 2014-жылы антирейтингде биринчи орунду Адам Сэндлер ээлеген.