Бишкек шаардык кеңешине СДПКдан талапкер болуп катталган Бактыбек Чойбеков жеке ишкердик менен алектенет. Ал борборубузда жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча акыркы жылдары бир топ иштер аткарылганын, бирок мындан дагы көп нерселерди жасоо керек экенин белгиледи. "Ушул жылы жаңы конуштардын бир топ көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, тегизделди. Демек, келе жаткан 2017-жылда бул жолдорго асфальт төшөсө болот. Мындан тышкары жаңыдан асфальт жолдор курулду. Ал эми Баш-Кара-Суудагы суу коргондун ишке кириши бери дегенде 100 миңдей адамды таза суу менен камсыздоо маселесин чечти. Жакынкы аралыкта эми көчөлөрдү жарыктандыруу да чечилет, анткени шаарыбыздагы түнкү шамдарды жаңы диоддук шамдарга алмаштыруудан үнөмдөлгөн электр энергиясынын кубаты бүтүндөй шаарга жетет. Эң башкысы, бул иштердин аткарылышы ушул калыбында уланып, пландуу жана ырааттуу жүрсө болду. А мындай болушу үчүн шаардык бийликке жакшыны жакшыга улоо салты зарыл. СДПК муну камсыз кылганга ынтызар. Жаңы конуштар да шаардын тутумуна кирет жана ал жакта дагы бишкектиктер жашагандыктан, аларды унутуп коюу эч мүмкүн эмес", - дейт Чойбеков.
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 8-декабрь.