Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык мэриясы жыл ичинде социалдык коргоо тармагына 331,3 миллион сом каражат жумшады

Бишкек шаардык мэриясы жыл ичинде социалдык өнүктүрүүгө 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаар мэри Албек Ибраимов жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында айтты.

"2016-жылы бөлүнгөн 331,3 миллион сомду максаттуу жумшай алдык. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 470 жаран ишке орноштурулуп, 56 адам кесиптик окуу жайларга жайгаштырылды. Ошондой эле зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүүнү колго алып, социалдык жардам бердик", - деп билдирди Ибраимов.

Жыл ичинде 130 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жаратылыш коюнуна эс алууга жиберилген. Борбор калаада аз камсыз болгон 20 291 үй-бүлөдө 48 434 адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komrad
2016-12-08 14:50:21
Борбор калаада аз камсыз болгон 20 291 үй-бүлөдө 48 434 адам жашайт. Миңден бири экен да 470
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан