КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жана "Жарандык, инсандык фонду" биргеликте жакшылык жумалыгын өткөрүп, 20-апрель күнү Ак-Суу балдар үйүндөгү 90 балага материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Гүлнура Мамырова билдирди. Анын айтымында, балдар үйүндө тарбиялануучулар кийим-кече жана кир жуугуч каражаттар менен камсыз болушту. Кошумчалай кетсек, балдарга берилген жардамдын баасы 4000 долларды түздү.