ЖЫЛНААМА, 8-ДЕКАБРЬ: 22 жыл мурун Кытайда концерт учурунда өрт чыгып, 325 киши курман болгон

1994-жылы 8-декабрда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Карамай шаарында концерт учурунда "Достук" залынын имаратында өрт чыгып, анын кесепетинен 325 киши каза болгон.

Концерттин катышуучулары жана көрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү 7 жаштан 14 жашка чейинки окуучулар болгондуктан, көз жумгандардын 80 пайызын жаш балдар түзүшкөн. Концерт Кытайдын Коммунисттик партиясынын кызматкрелеринин урматына уюштурулуп, Карамай шаарындагы мектептердин окуучулары көрүүчүлөргө ыр-бий тартуулашкан. Өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам чыгып, бат эле жайылып кеткен.

8-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан