Өз унааңа бактылуу номерди утуп жана сатып алууга үлгүрүп кал!
"Инфоком" мамлекеттик ишканасы сандардын өзгөчө комбинациясы: 001, 777, 555 жана дагы 177 башка мамлекеттик номерлер үчүн "ААВ", "ААС", "ААD" тамгаларынын жаңы сериясын ачты.
Сентябрь айында nomer.srs.kg сайтында аукциондор ийгиликтүү ишке киргизилгенден кийин баарынан көп жакшы номерлер Бишкек шаарында жана Чүй облусунда "ААА" сериясы менен сатылган. Буга байланыштуу кийинки серияларды ачуу зарылдыгы келип чыкты.
Аукциялык номерлерди сатуу ишке киргизилгенден тартып жалпы 6 716 000 сом суммасына 92 комбинация сатылган, алардан 91% өлкөнүн мамлекеттик бюджетине которулат.
Белгилей кетүү керек, сандардын өзгөчө комбинацияларын сүйүүчүлөр үчүн сандардын каалаган комбинациясы менен номерди тамгалардын жаңы сериясы менен сатып алуу мүмкүндүгү пайда болду.
Катышуу жана каттоодон өтүү эрежелери менен төмөнкү видео-нускамадан таанышууга болот: http://nomer.srs.kg/instructions.xhtml
Онлайн-аукциондордун өтө турган күндөрүн nomer.srs.kg сайтынан карап алыңыз!