Бүгүн, 8-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Италиянын эли референдумда "Конституцияны өзгөртүүгө каршымын" деп добуш берди. Буга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Маттео Ренци 5-декабрда отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Анын кызматтан кетүү арызын өлкө президенти Серджо Маттарелла 7-декабрда канааттандырганы белгилүү болду. Ренци жаңы премьер шайлангыча премьердин милдетин аткарып турат. Италиянын президенти 8-декабрда өкмөттүн жаңы курамы боюнча парламенттин Депутаттар палатасы жана Сенатынын спикерлери менен сүйлөшүүлөрдү баштаганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Маттео Ренци мамлекетти башкаруу системин өзгөртүү боюнча референдумду өлкө жарандары колдобой койгондуктан кызматтан кетти. Италия бийлиги парламенттин Жогорку палатасынын депутаттарынын санын 315тен 100гө түшүрүүнү жана башка өзгөртүүлөрдү демилгелеп чыгып, долбоор референдумга коюлган. Өзгөртүүлөргө жарандардын 59,11 пайызы каршы добуш беришти.
11-декабрда Кыргыз Республикасында да референдум өтөт. Эгер бизде да, италиялыктар колдобой койгондой эле, Конституцияны өзгөртүү демилгеси колдоо таппаса эмне болот? Саясий серепчи Бакыт Бакетаев референдум колдоо тапса да, таппаса да эч ким отставкага кетпейт деген ойдо. Мыйзамда "референдумга коюлган суроо калк тарабынан колдоо таппаса, демилгечи отставкага кетет" деген норма жок. Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан активист Адил Турдукуловдун ою боюнча, референдумдун жыйынтыгы кандай болгон күндө да эч ким жоопкерчилик албайт. “Италияда бийликтегилер эл алдындагы жоопкерчилигин сезе билишти. Жоопкерчиликти сезе билүү маданияты биздин бийлик бутактарындагы адамдарда калыптанган эмес”, - дейт активист. Эске салсак, буга чейин 6 ирет референдум болуп, Конституция 8 ирет өзгөртүлгөн. Алардын бир катары мыйзамсыз өткөн, бирок жоопкерчилик тарткан киши болгон эмес.
Саясий жоопкерчилик тартуу биздин саясатчыларда, жогорку кызматтагы чиновниктерде жок экени жаңылык эмес. Бирок жоопкерчиликсиз, саясий маданиятты, принципти көрсөтө албаган саясатчыларды биз өзүбүз шайлап келе жатабыз. Көйгөйдүн тамыры шайлоочуларга барып такалат. Эң ириде шайлоочулар өздөрүнүн, өлкөнүн, балдарынын, өздөрү жашаган айылынын, шаарынын алдында жоопкерчиликти сезип, туура тандоо жасашы керек. 11-декабрда өтүүчү референдумдун жыйынтыгы да шайлоочунун жоопкерчилигинде...
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда маалыматтык-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков: "Башка агымдагы маркумдун сөөгүн мусулмандар менен аралаштырып коюу же койбоо жергиликтүү бийликтин иши. Ислам дининде мусулмандар менен чогуу көмүү деген жок", - дейт. Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну Каныгүл Сатыбалдиева каза таап, баптист дешип айылдаштары анын сөөгүн жергиликтүү мүрзөгө койдурбай коюшкан. Коңшу айылга коюлган сөөктү жергиликтүү эл казып чыгарып салган. Андан соң Ала-Букадагы христиандардын көрүстөнүнө коюлуп, бирок христиан дининдегилер да сөөктү кайра казып чыгарып коюшкан. Акыры маркумдун сөөгү жашыруун түрдө жерге берилген. Бул окуядан кийин муфтиятта "бөлөк диндегилер мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын" деген атайын фатва чыкканы белгилүү болгон. Өлгөн адамдын сөөгүнүн ал кайсы динде болгонуна карабай жерге берилген соң кайра казылып алынганы - жапайычылыктын белгиси. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай ишти жасагандар “өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактоо” беренеси боюнча айып тагылып, далилденсе 3-5 жылга эркинен ажыратылат. Элди дин ишеними боюнча жикке бөлүнүп, ири жаңжал чыккыча күтүп отурбай, эл башкаруучулар бул маселени чечүүсү зарыл. Балким, башка диндегилердин көрүстөнү үчүн атайын жер бөлүп берүү зарылдыр? Диний фанатизм мамлекеттүүлүк үчүн эң кооптуу маселе. Эгемендүүлүк алгандан кийинки 25 жыл ичинде билим берүү тармагынын мышык ыйлагыдай абалга кептелиши дал ушул диний фанатизмди жаратты. Сабаттуу коомдо мындай көйгөй жаралбайт болчу. Учурда Кыргыз жеринде мектептердин саны 2218 болсо, мечиттердин саны 2700дөн ашат. Бирок бул 2218 мектептин жарымынан көбү Совет кезинде курулган. Мечиттер болсо жыл сайын курулууда. Мындай тенденция менен жакынкы убакта өлкөбүздү светтик деп айтуу оорлоп калчудай...
Интернетке эки адамдын WhatsApp аркылуу жазышуусу тарап, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттарынын жазышуулары деп талкууга алынууда. Анда “СДПК 6” деген топто Эльвира Сурабалдиева жана Евгения Строкова деп сакталган колдонуучулар референдумдан кийин "Бир бол" фракциясынан кесиптеши Чолпон Жакупованын мандатын тапшырарына сүйүнүп жатышат. "Референдум өтөт. Жогору жакта отурган аял менен коштошуу мен үчүн өкүнүчтүү эмес. "Эгер референдум өтсө, мандатымды тапшырам" деп убадалаган. Эми сөзүнө турсун. Кыскасы, кетсин!" - деп жазат WhatsApp-топто Сурабалдиева. "Аял айттыбы, аял аткарсын. Аны менен салтанаттуу түрдө коштошууну уюштуруп берели", - деп жооп берет Строкова.
КСДПдагы өздүк булактар SUPER.KG порталына мындай WhatsApp-жазышуу чындыгында болгонун тастыкташты. Өз кезегинде Евгения Строкова жергиликтүү маалымат каражаттарына WhatsApp'тагы жазышуу интернетке чыгып кеткенин тастыктады.
Ырасында Чолпон Жакупова эгер референдум өтө турган болсо, каршылык ишараты катары мандатын тапшырарын айткан. Мындай билдирүүдөн кийин социалдык тармактарда аны депутаттык кызматтан кетпөөгө чакыргандар да, сөзүнө турсун дегендер да чыккан. Ал эми Чолпон Идиновна жергиликтүү маалымат булактарына мандаттан баш тартууга кадыресе көрүнүштөй эле караарын билдирген. “Мен баарына бирдей жага албайм да”, - дейт депутат айым. Ал эми коомчулукта депутат айымдардын жазышууларын айрымдар чагым деп баалашса, айрымдар маданиятсыздык деп белгилешүүдө. Жакуповага ишеним мандатын бийлик эмес, эл тапшырган. Анын бийликке өчөшүп мандатын тапшырып кетип калганы туура эмес болот. Мындай сабаттуу, тайманбас эл өкүлдөрү учурдагы Жогорку Кеңешке аба менен суудай керек...