Кыргыз өлкөсүндө акушер-гинекологдор өзгөчө кырдаалда төрөт кабыл алуу боюнча билим алышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда кабарлады.
"Жалпысынан 43 оорукананын 100дөн ашуун дарыгерин окутабыз. Төрөт маалында аялдар көбүнчө кан жоготуудан жана преэклампсияга кабылгандан улам каза болушат же катуу ооруга чалдыгышат. Балдарды жана энелерди коргоо үчүн анализ жүргүзүп же документтерди текшерип гана койбостон, эффективдүү иш-чараларды өткөрүү керек", - деди долбоордун менеджеринин орун басары Арсен Аскеров.
Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Азиз Дозалиевдин айтымында, жыл сайын төрөттөрдүн саны 50-100гө көбөйүп жатат.
"Биз жылына 2500дөй төрөт кабыл алабыз, аялдар көбүнчө кан жоготуудан улам каза болуп жатышат", - дейт Дозалиев.
Ошондой эле бул окуунун алыскы аймакта жайгашкан төрөт үйлөрүнүн кызматкерлерине пайдасы чоң экени белгиленет.