ЖЫЛНААМА, 9-ДЕКАБРЬ: Көрүнүктүү коомдук ишмер Мелис Эшимканов тирүү болгондо, 54 жашка чыкмак

Көрүнүктүү коомдук ишмер, белгилүү журналист, ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын экс-башчысы Мелис Эшимканов 1962-жылдын 9-декабрында Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Журналисттик эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Теле жана радио боюнча мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.

1990-1991-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору кызматында иштеген.
1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган. Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, бул эркин гезитти 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюн жана башкы редактор катары жетектеген. Андан соң 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитти ачып, 2001-2005-жылдары "Агым" гезитине башкы редакторлук кылган.
Ал эми 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин КТРКнын башкы директору болуп иштеген.
2009-жылдын 6-ноябрында Мелис Эшимканов Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргыз Республикасынын Өнүгүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматта иштеп турган.
Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда Бишкектеги жеке менчик "Камэк" ооруканасында саат 15:00дө 48 жашында жүрөгү токтоп каза болгон.
9-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан