Казакстандагы Актөбө шаардык соту күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кол салууга жана Орусиядагы каапырларга чабуул жасоого үндөө айыптары менен жергиликтүү тургунду 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы Нурнияз Саркулов сот тарабынан кастык козутууга жана терроризм актысын ишке ашырууга чакырык жасоого күнөөлүү деп табылды.
Тергөөнүн материалдарына ылайык, Актөбө облусундагы Хобдинск районунун тургуну Саркулов өзүнүн диний көз караштарын таңуулоо максатында августта эки таанышы менен жолуккан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал радикал исламды карманган. Саркулов тааныштарын каапырларга каршылык көрсөтүүгө үндөп, Сириядагы согушка Орусия себепкер экенин билдирген.