Бишкектеги мектептерде окуу 12-декабрдан тарта башталат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып калды. Дарыгерлер мониторинг жүргүзүүнү улантышууда. Эгер мектептерде абал кайрадан оорлошсо, карантинге жабылат.
Айта кетсек, сасык тумоого чалдыккандардын 64 пайызы 14 жашка чыга элек жаш балдар. Окуучулардын 30 пайызы ооруп сабакка келбей калганынан улам Бишкек шаарында бардык мектептер жабылып, 12-декабрга чейин карантин жарыяланган болчу. Учурда республика боюнча жабылган билим берүү мекемелеринин саны 174кө жетти.