Бүгүн, 23-апрелде кыргыз боксчулары Казакстанга аттанды. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди. Айтылгандай, 25-апрелде аталган өлкөнүн Атырау шаарында бокстун “А” классы боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага 10 өлкөнүн мушкерлери чакырылган. Кыргызстандын атынан Артём Мазнев, Роман Сабыржан уулу, Адилет Абылашымов, Азамат Каныбек уулу, Александр Панарин, Ильяз Ахмедов жана Сергей Паренко намыс талашат.