Жоочулардын карамагындагы Алеппонун аймагынан 8500дөй адам чыгарылды, алардын 2900дөйү кичинекей балдар. Бул тууралуу Сириядагы душман тараптарды бириктирүүчү борбор кабарлаганын "РИА Новости" басылмасы жазды.
Мындан сырткары шаардын чыгыш аймактарынан каршылык көрсөтүүнү токтотууну чечкен жоочулар кете башташканы маалым болду.
Акыркы 3 жумада сириялык аскерлер Алеппонун чыгышынын 80 пайызын бошотушкан. Ал жактан качкан жоочулар шаардын батышын көздөй качышкан. Алар учурда 10-12 кварталды көзөмөлдөп жатышканы маалымдалат.