Лондон шаарындагы ресторандардын биринде Рождество майрамын чогуу өткөрүүгө жакындары жок, жалгыз жашаган улгайган жана үйү жок жарандарга бекер сый тамак уюштурулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кайсы динди тутунарыбыз, кайсы тилде сүйлөөрүбүз жана кайсы маданияттын өкүлү экенибиз маанилүү эмес, биз бири-бирибизге жардам берүүгө милдеттүүбүз", - деп айтылат аталган жайдын социалдык тармактагы расмий баракчасындагы билдирүүдө.
Мындай сунушту көптөгөн лондондуктар жылуу кабыл алып, мындай кайрымдуулук кечесин өткөрүүдө ресторан кызматкерлерине жардам берүү үчүн ыктыярчы болуп иштөө тилектерин билдиришкен.
Ресторанда конокторго биринчи тамакка шорпо жана шам-шум этүүгө закуска, экинчисине тоок этинен, жашылчадан жасалган запеканка же тоок этинен шишкебек берилет. Ал эми десертке пудинг тартууланары айтылат.
Мындай сый тамак Лондон шаарында 25-декабрь күнү Лондон убактысы боюнча саат 12:00дөн 18:00гө чейин болот.