СДПКдан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Эрнис Докенов добуш берүү күнү жакын калганда шайлоочуларга кайрылды: "Ачык көйгөйлөргө анык чечимдер – бул жел сөз же куру убада эмес, шаардын муктаждыгы жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен учурдагы жашоонун негизине таянып, кылдат иштелип чыккан социал-демократтардын программасы. Эң башкысы, аны турмушка ашырабыз деген биздин каалообуз.
Шаардыктар бүгүн жергиликтүү бийликтен май көл менен сүт көлдү же көктөгү жылдызды талап кылышпайт, болгону шаардыктарча жашоого ылайык жөнөкөй шарттарды түзүп берүүнү гана өтүнүшөт. Дал ушул нерселер партиянын программасынын өзөгүн түздү. Бул милдеттерди 2-3 жылда чечүүгө кудурети жете турган татыктуу мэр Албек Ибраимов жана ага Социал-демократиялык партиясынан Бишкек шаарынын кеңешинде отурган депутаттар тирек болушат.
Албетте, "ар бир бака өзүнүн сазын мактап чардайт" деп ойлобошу үчүн шаар тургундарына кайрылгым келет. Мен өзүмдү сыйлагандай, ар бир шаардыкты терең урматтайм. Анан калса "сыйга – сый, сыр аякка – бал" дейт эмеспи элибизде. Ошон үчүн шайлоодо СДПКга добуш бериңиздер деген кайрылуу менен гана чектеле албайм, анткени унчукпай коюу мен үчүн өзүмдү жана сизди сыйлабагандык болмок.
Мен шайлоого биринчи жолу ат салышып жаткан жокмун, бирок олуттуу деген айрым партиялардын үгүт иштериндеги мындай маалымат-баш айлантманы биринчи көрүшүм. Алсак, коомдук унаада бекер жүрүү, майыптарга бекер коляска жана дары-дармек, пенсионерлер менен жарды үй-бүлөлөргө ар бир дүкөндө социалдык текче, шаардыктар үчүн социалдык карта жана дагы көп нерселер. Бул убадалардын аткарылбай турганы күн мурунтан эле белгилүү.
Мен БШКнын бюджет жана финансы комиссиясын төрт жыл жетектегем жана эмне жөнүндө кеп болуп жатканын жакшы билем. Шаардыктарды социалдык жактан коргоо үчүн болжолдуу 2 миллиард сом (жылуулук тарифинин айырмасы, бекер көмүр, пенсионерлердин унаада акысыз жүрүшү, мугалимдер менен дарыгерлерге кошумча төлөм ж.б.) бөлүп, шаардын бюджетине ансыз деле эң чоң жүк артылууда.
Ойлонуп көрсөңүз, эгерде шаардыктардын дагы эки-үч социалдык категориясына жол кирени бекер кылсак, анда эң аз дегенде шаардык казынадан бул үчүн дагы 3 миллиард сом талап кылынат. А эгер бардык дүкөндөргө аз камсыз болгондор үчүн социалдык текчелерди ачып, 20-30 пайыз арзандатып сатуу милдети тагылса, мамлекет анда ишкерлерди жок эле дегенде сатуудан алынуучу салыктан бошотууга милдеттүү болот. Ал эми салыктын бул түрү республикалык жана жергиликтүү бюджетте дагы орчундуу сумманы түзөт. Биздин шаарыбыздыкы болжолдуу 2,5 миллиард сом.
Албетте, саясатта башкы максатка жетүү үчүн бардык каражаттар жакшы деген түшүнүк бар, бирок депутаттык орундуктун артынан куушуп жатып маселенин моралдык жагын жана ар кандай нерсенин чеги болорун да эстен чыгарбоо зарыл".
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 9-декабрь.