ЖЫЛНААМА, 9-ДЕКАБРЬ: 48 жыл мурун алгачкы компьютердик "чычкан" ойлоп табылган

1968-жылы 9-декабрда америкалык ойлоп табуучу Дуглас Энгельбарт коомчулукка компьютердик манипуляторду ("мышканы") ойлоп тапкандыгын Сан-Францискодо өткөн эсептөөчү техниканын конференциясында жарыялаган.

Алгачкы "чычкан" жыгачтан жасалып, кичинекей дөңгөлөктөрү жана бир баскычы болгон. Анын зымы чычкандын куйругуна окшош болгондуктан ушул аталышты алып калган.

Компьютердик "чычканды" инженер Билл Инглиш жана Жефф Рулисон жасап чыккан. Анын ичинде эки металлдан жасалган диск болгон. Бирөөсү "чычканды" алдыга жылдырганда айланып, экинчиси оң жана сол жакка кыймылдоосуна жооп берген.

9-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан