Орусиянын Тюмень облусунда кыргызстандык 4 жаран жол кырсыгына кабылып, экөө ооруканага жеткирилди. Аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашкандай, кырсык бүгүн, 23-апрелде Курган-Тюмень унаа жолунан 188-чакырымында болду. Аталган багыт боюнча бара жаткан Жигули унаасы аласалып кеткен. Унаада беш жүргүнчү болгон. Айдоочу, Тюмень облусунун 25 жаштагы тургуну кырсык болгон жерден каза болгон. Эки жүргүнчү ооруканага жеткирилсе, экөөнө кырсык болгон жерден алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.