Бүгүн, 9-декабрь күнү Ош шаарына жаңыдан алынып келинген автобустардын ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаар мэри жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, айдоочуларга автобустардын ачкычтарын тапшырды.
“Ош шаарын өнүктүрүү программасы кабыл алынып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары "Коомдук автотранспорттун ишин жакшыртуу" долбоору киргизилген. Анын алкагында 2014-жылы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен "Коомдук автотранспорттун ишин жакшыртуу" келишимине кол коюлуп, жалпы суммасы 9 миллион 600 миң евро, анын ичинен 5 миллион 7 миң евро насыя, 3 миллион 100 миң евро грант түрүндө каражат бөлүнгөн. Анын эсебинен 3 миллион 100 миң еврого 20 троллейбус, 2 миллион 700 миң еврого 24 автобус сатып алуу, 2 миллион 300 миң еврого троллейбустук ДЭПОну жана троллейбустук линияларды реконструкциялоо, 600 миң еврого жол кире билеттерин сатуунун автоматташтырылган эсепке алуу системин киргизүү каралган. Бөлүнгөн каражатка автобустарды жана троллейбустарды сатып алуу боюнча ачык-айкын өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгында 20 троллейбустун ордуна 23 троллейбус, 24 автобустун ордуна 30 автобус сатып алууга жетиштик”, - деди Айтмамат Кадырбаев.
Автобустар 24 орундуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар жайгашкан. Автобустарда автоматташтырылган билет сатуу, WI-FI байланыш системи ишке киргизилип, кызмат көрсөтүүнүн жогорку маданияты көтөрүлөрү маалымдалат.
Автобустар 10-декабрдан тарта эки багыт боюнча жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. Ал эми жакынкы аралыкта Ош шаарына жаңы 23 троллейбустун келери күтүлүүдө.