Бишкекте Ош облусунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндөгү турак үйлөрдүн бири текшерүүгө алынган. Анда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну 1976-жылы туулган А.А. кармалган. Ал жашаган үйдү текшерүүгө алган учурда 2 килограмм героин жана 2 килограмм 455 грамм гашиш табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран камакка алынды.