ӨКМ: Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 10-декабрынан 12-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарындагы, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан