Бүгүн, 9-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жер кезерлер көбүнесе Кыргыз жерин жайында Ысык-Көлдө эс алуу, кышында тоолорунда лыжа тээп келүү үчүн тандашат. Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукка жайкы туризм менен катар кышкы туризмди да жарнамалоого акыркы жылдары көп аракетин жумшап келет. Ошол эле учурда өкмөттүн өзүнүн бутуна өзү чалынган учурлары да бир топ. Өкмөт Кыргыз мамлекетине келген чет өлкөлүк жарандарды (Орусиянын жарандарынан сырткары) 5 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендирүүнү демилгелеп, аны Жогорку Кеңеш кабыл алып, мыйзам 4-ноябрда күчүнө кирген. Мына ошол күндөн тартып Кыргыз жерине келген чет өлкөлүктөр, анын ичинде туристтер каттоого туруу үчүн бир топ убактысын коротууга аргасыз болуп жатышат. Ал эми каттоого турбаса, 10 миң сом айып пул төлөшү керек болуп калат. Мыйзам кабыл алынгандан баштап эле коомчулуктун сын-пикирин жаратып, мунун айынан өкмөт өз демилгесин токтом менен жоймокчу болгон. Бирок бүгүнкү күнгө карата ал токтом кабыл алына элек жана токтомду кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жолу кийинкиге жылдырылды. Бул аралыкта Жаңы жыл, аны менен коштолгон эс алуу күндөрү жана кышкы каникул жакындап жатат. Ага байланыштуу чет өлкөдөн Кыргыз жерине келмекчи болуп жаткан лыжа тебүүнү сүйүүчүлөр кагаз толтуруп жүрүүнү тандашабы же башка мамлекеттиби? “Убакыт – бул акча” дегенди туу туткандар оңой эле тандоосун башка мамлекетке оодарып жиберери турган иш. Акыркы жылдары дүйнөлүк басылмалар Кыргыз өлкөсүн жер кезерлер үчүн багыт кылып көрсөтүп, атүгүл былтыр Караколдо жайгашкан тоо-лыжа базасы Орусиянын басылмаларынын рейтинги боюнча КМШнын алкагында мыкты 5 кышкы курорттун катарына кирген болчу. Бирок жогорудагыдай тоскоолдуктар рейтингдерге, анын арты менен туристтердин агымынын азайышына таасирин тийгизет. Мына ошондо “Кыргыз жери Азиянын Швейцариясы” деген сөздөр да, миллиондогон доллар менен өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да туризм тармагын өнүктүрүүгө жардам бербей калат...
Орусиянын “РусГидро” компаниясы Кыргыз мамлекетин сотко берүүгө даярданып жатат. Компаниянын башчысы Николай Шульгиновдун айтымында, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын куруу долбоорлорун токтотконуна байланыштуу короткон каражатын өндүрө албаса, анда эл аралык арбитраждык сотко чейин кайрылышы ыктымал. Инвестордун сарптаган акчасынын көлөмү 36 миллион доллардын тегереги. Аны келишим боюнча ушул жылдын август айына чейин кайтарып берүү керек болчу.
Эске салсак, 2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, 2015-жылы каржылануу жагы кечиктирилип жатканына байланыштуу макулдашуу боюнча маселелер көбөйө баштаган. 2015-жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан. “Азыркы кырдаалда Орусиянын экономикасы көтөрүлбөй, нефтинин баасы ылдыйлап жатат. Бул макулдашуулар объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбай калышы мүмкүн”, - деп түшүндүргөн эле мамлекет башчы. Көп өтпөй кыргыз тарап макулдашуулардан чыгып, денонсациялоо тууралуу мыйзам ушул жылдын август айында күчүнө кирген. Азыркыга карата жогорудагы долбоорлорду каржылайм деген башка инвестор табыла элек. Ал эми “РусГидро” короткон каражатка келсек, бул боюнча эки тарапта тең сөз көп болуп, кыргыз парламентинде депутаттардын комиссиясы да түзүлгөн. Комиссия Нарында ГЭС курууга 37 миллион доллар жумшалышы боюнча шектенүүлөрдү иликтеп чыккан. Комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 1-декабрда парламентте иш жыйынтыгын айтып жатып, текшерүүдө көп объекттердин курулуш баасы жогорулатылганы аныкталганын, болжол менен баа эки эседен ашуун жогорулатылганын билдирген. Бул маселени Кыргыз мамлекетинин Эсептөө палатасы көзөмөлдөп, эл аралык стандартта аудит жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Аудит жүргүзүүгө келгенде Эсептөө палатасы кыргыз-орус келишимине шылтап, кол куушуруп отуруп берген. Келишимге ылайык, "Жогорку Нарын ГЭСтери" жабык акционердик коомунун уставдык капиталы Кыргыз өлкөсүнүн “Электр станциялары” жана орусиялык “РусГидро” акционердик коомдорунун ортосунда паритеттик негизде 50-50 пайыздан бөлүнгөн. Тактап айтканда, Эсептөө палатасы мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан жогору болсо гана текшеребиз деп, аудит жүргүзүүдөн баш тарткан.
“РусГидро” компаниясынын кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүсү жыйынтык бербей, ал соттук отурумга чейин жеткирсе, анда эл аралык аренада Кыргыз мамлекетинин инвестициялык климатына көлөкө түшүрүшү ыктымал. Бирок ошол эле тапта кыргыз өкмөтү кайсы бир компания менен келишим түзүүдө күтүлгөн тобокелчиликтерди алдын ала эске алуусу керек эле. Жергиликтүү шайлоолор, референдум, кыш мезгилинен кыйынчылыктарсыз чыгуу жана башка ондогон-жүздөгөн маселелердин катарында орусиялык компаниянын коротком деген акчасын кайтаруу өкмөттүн дагы бир баш оорусуна айланат...