Жайыл районундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Аба ырайына байланыштуу саат 15:30да Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлду. Жеңил унаалар үчүн чектөө жок. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталыш керек", - дейт ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипова.
Айта кетсек, оор жүк ташуучу унааларга карата чектөө 7-декабрь күнү саат 15:00дөн тарта киргизилген. Буга Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында кар жаап, муз тоңуп, жолдор тайгак болуп жана жолду тазалоо иштери жүрүп жатканы себеп болгон. Бүгүн эртең менен чектөө алынган эле.