Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2016-жылдын 10-декабрынан 14-декабрына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап аткылап түшүрүү иштери жүрөт.
"Кар көчкү коркунучу бар аймактарда аткылоо иштери Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын артиллериялык каражаттары менен жүргүзүлөт. Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары ӨКМнын ыкчам тобу аркылуу көзөмөлдөнөт. Ошондой эле Транспорт жана жолдор министрлиги атайылап кар көчкүлөрү түшүрүлгөн аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүүнү, бул жумуштар үчүн зарыл болгон санда инженердик жана атайын техникаларды тартууну камсыз кылат. Ал эми Ички иштер министрлигине атайылап кар көчкүлөрүн түшүрүү мезгилинде Бишкек-Ош (132-137 жана 198-250-чакырымдары) унаа жолундагы автоунаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну камсыз кылат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.