Ноокен районундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-декабрь күнү аталган райондун Кызыл-Кыштак айылында болгон. Анда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа электр мамысын сүзгөн. Анын кесепетинен унаадагы эки адам каза тапкан.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгондорду унаадан чыгарышкан.