Нарын районунун тургуну кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, инспекторлор жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын негизинде Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургуну Жаныш Курманкожоев ИЖ-12560 үлгүсүндөгү мылтык менен кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл китепке кирген 2 кыргоолду атканы аныкталган. Ошондой эле анын анчылык кылууга уруксат кагазы жана мылтыкка тийиштүү документтери жок болгон. Учурда административдик айып салынып, өндүрүлдү. Ал эми мыйзам бузуу боюнча инспекторлор ишти тийиштүү органдарга өткөрүп беришти.