Мындан 115 жыл мурун, 1901-жылы 10-декабрда Нобелдик сыйлыкты алгачкы ирет тапшыруу аземи болуп өткөн. "Нобель" сыйлыгы - жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлык. Ал швед инженер-химиги, ойлоп табуучу Альфред Бернхард Нобель тарабынан белгиленген.
Нобелдин керээзи боюнча калган казынасынан "Нобель" фонду түзүлгөн (31 миллиондон ашык швед крону). "Нобель" сыйлыгы физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгектин авторлоруна жана тынчтыкты чыңдоого эмгеги өткөндөргө берилет. Ал эми 1968-жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300 жылдык тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илими жаатына да берилчү сыйлык бекиткен. "Нобель" сыйлыгы Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30-70 миң доллар) турат.
Аталган сыйлыкты ыйгаруу А.Нобелдин керээзине ылайык, Швециянын Стокгольм шаарындагы Падышалык Илимдер академиясына (физика, химия, экономика боюнча), Падыша Каролин медициналык хирургия институтуна (физиология же медицина боюнча) жана Швед академиясына (адабият боюнча), Норвегия парламентинин "Нобель" комитетине (тынчтыкты чыңдоо иши боюнча) тапшырылган. "Нобель" сыйлыгы талапкерлердин расасына, улутуна, динине жана жынысына карабастан ыйгарылат. Талапкерлер жеке адамдар гана ("Нобель" сыйлыгынын лауреаттары) тарабынан көрсөтүлүп, кийинки жылдын 1-февралына чейин тийиштүү комитеттерге жиберилет. Көрсөтүлгөн иштерди талкуулоо жана аларга добуш берүү өтө жашыруун өтөт. Басма сөзгө "Нобель" сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү чечим менен мотивировка гана жарыяланат. Даттануулар чечимге таасир тийгизе албайт жана чечим жоюлбайт. "Нобель" сыйлыгын тапшыруу салтанаты 10-декабрда, Нобель каза болгон күнү, Стокгольм менен Осло шаарларында өткөрүлөт. Салт боюнча швед падышасы Стокгольмдо лауреаттарга алтын медаль тапшырат, ал эми Норвегия падышасы Ослодо салтанатка катышып отурат. "Нобель" сыйлыгынын жаңы лауреаты 6 ай аралыгында Стокгольмдо же Ослодо өз тематикасы боюнча лекция окууга тийиш. "Нобель" сыйлыгы 1901-жылдан баштап бериле баштаган.
10-декабрга карата жылнаама.