ЖЫЛНААМА, 10-ДЕКАБРЬ: 120 жыл мурун динамитти ойлоп тапкан швециялык химик, инженер Альфред Нобель каза болгон

Динамитти ойлоп тапкан швециялык химик, инженер Альфред Нобель 1896-жылы 10-декабрда каза болгон.

Альфред Нобель 1833-жылы 21-октябрда Швециянын Стокгольм шаарында туулган. Атасы, таланттуу ойлоп табуучу Иммануэль Нобель 1837-жылы Петербургга көчүп келген. Иши жүрүшө баштагандан кийин 1842-жылы үй-бүлөсүн да алып келген. Ошентип, 9 жаштагы Альфред үчүн орус тили экинчи тил болуп калган. 1853-1856-жылдардагы Крым согушунда Нобелдин ишканасы орус аскер флоту үчүн мина жана башка жардыруучу куралдарды чыгарып турган. Кийин "Орус өндүрүшүнө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланган. Согуш бүткөндө Нобелдин үй-бүлөсү кайрадан Стокгольмго көчүп келген.
Кичинесинен талантын байкаган атасы Альфредди Европага жана Америкага эки жылдык саякатка жиберген. Убактысынын көбүн нитрил затын ачкан белгилүү химик Жюл Пэлуэанын лабораториясында химия жана физикадан практикалык курс алып жүрүп өткөргөн. Физикага, химияга кызыккан Нобель кайда болбосун белгилүү химик, изилдөөчү, ойлоп табуучулар менен таанышып, алардын ишине аралашып, бай тажрыйба топтогон. 1963-жылы Стокгольмго келип, өз алдынча тажрыйбаларды жасаган. Бир жылдан кийин кезектеги тажрыйба убагында жарылуу болуп, 20 жаштагы бир тууган иниси менен кошо бир нече киши каза болот. Кырсыктан кийин агасынын "ойлоп табуучулук кесибиңди ташта, андан эч нерсе таппайсың" дегенине да болбой тынымсыз иштеп, жолун издеп жүрүп, акыры өзү ойлоп тапкан нерселеринин баары адамзаты үчүн керектүү экенин далилдей алган.
Бош убактысында философия, тарых, медицина жана адабият багытындагы көптөгөн китептерди окуп, электрохимия, оптика, биология, медицина менен алектенип, буу казандарын жана автоматтык тормоз системдерин түзгөн. Ошондой эле ал жетишкени менен чектелип калбай, жасалма булгаары, желим жасоого аракеттенип, жасалма жибекти жана жеңил эритмелерди кандай алуу керектигин изилдеген. Ар кандай багыттагы адамдар менен, министрлер, профессорлор, өлкө башчылары менен таанышып, байланышып турган. Ошентип, 1864-жылы 14-октябрда Альфред Нобель курамында нитроглицерин заты болгон жардыруучу затты ойлоп таап, ага патент алган.
1895-жылдын 27-ноябрында Парижде Альфред Нобель 31 миллиондон ашуун швед маркасын химия, физика, медицина, адабият жана тынчтык орнотууга салым кошкондор үчүн сыйлык уюштурууга которгон. Ал эми 1901-жылдан баштап жыл сайын Нобелдик сыйлык бериле баштаган.

10-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан