ЖЫЛНААМА, 10-ДЕКАБРЬ: 148 жыл мурун дүйнөдөгү эң биринчи жол чырак орнотулган

1868-жылы 10-декабрда дүйнөдөгү эң алгачкы жол чырак Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Жон Пик Найт аттуу окумуштуу темир жол семафору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон.

Алгачкы жол чыракты кол менен иштетишкен жана анын эки семафордук канаты болгон. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “Токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “Этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн. Ал эми кеч киргенден тартып айланып туруучу газ чырагы колдонулган. Андагы кызыл өң “Токто!” жана жашыл өң “Өт!” дегенди түшүндүргөн. 1869-жылы 2-январда газ чырагы жарылып кетип, жанындагы жол чыракты башкарган полиция кызматкерин жарадар кылган.

10-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taranchy
2016-12-11 00:31:32
Жон Пик Гайт мыкты 10 окумуштуунун катарына кирсе болот. Светофор жок болсо бугунку жашоодо кыйын болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан