Чет өлкөдөгү кыргыздарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген “Замандаш” ассоциациясынын түзүлгөндүгүнө быйыл 10 жыл толот. Буга байланыштуу аталган ассоциация бир катар иш-чараларды уюштурууну пландоодо.
10 жылдык мааракени белгилөөнүн алкагында чет өлкөдө да маданий-массалык иш-чаралар өтөт. Атай кетсек, Орусиянын Ярослав облусунда Кыргызстандын маданият күндөрү, “Мен Кыргызстанды сүйөм” аттуу сүрөт сынагы, кыргыз диаспоралары арасында “Ыр кесе” оюн-зоок сынагы, “Ала-Тоо периси” сулуулар сынагы, “Замандаш” ассоциациясынын кубогу үчүн спорттук таймаштар уюштурулат.
Белгилей кетсек, “Замандаш” ассоциациясы 1993-жылы белгилүү коомдук ишмер, маркум Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделип, бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөдө күн кечирип келе жаткан кыргыздарга укуктук жактан колдоо көрсөтүп, убактылуу же туруктуу жашай турган жерин тактоодо, миграциялык багыттагы маселелер боюнча юридикалык кеңеш берүүдө жана башка маселелерди чечүүдө гуманитардык, социалдык жардамын көрсөтүп келет.