19-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азербайжандын футболчулары менен достук мелдешин өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Маалым болгондой, аталган спорттук иш-чара Бишкек шаарында өтөт. Мындан сырткары быйыл Армения жана Беларусь өлкөлөрүнүн футболчулары менен оюн өткөрүү пландалып жатканы айтылды.