Бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бир канча окурман кайрылды. Алар бир суткадан бери Ошто аэропортто каттамдар кечеңдеп жатканын айтышты. Бул тууралуу "Ош" Эл аралык аэропортуна байланышканыбызда, нөөмөт бөлүмүнүн өкүлдөрү каттамдар аба ырайына байланыштуу кармалып жатканын билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ Ош шаарында аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган.
"Каттамдардын кармалышына туман себеп болууда. Учурда шаарда күн ачык, бирок аэропорттогу учуу тилкесинде туман тарай элек. Туман таркаары менен каттамдар жанданат", - деп билдиришти нөөмөт бөлүмүнөн.
Айта кетсек, учурда Ош шаарында 11 каттам боюнча учактар кармалып турат. Алардын бешөө ички, алтоо эл аралык каттамдар.