“2012-жылы Кыргызстан боюнча 12 тонна 690 килограмм баңгизат колго түшкөн”. Бул маалыматты бүгүн,
23-апрелде Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Алымбай Султанов айтты. Айтымында, кол түшкөн баңгизаттардын көпчүлүгү Ооганстандан жашыруун түрдө алынып келинип, Казакстан же Орусияга жөнөтүлмөкчү болгон учурда кармалат. Ал эми былтыр Талас облусунда 2013-жылдан бери 7 килограмм 600 грамм баңгизат кармалып, 21 кылмыш иши козголгон. Белгилей кетсек, Алымбай Султанов бүгүн аталган кызматтын Талас облусундагы бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты.