БШК: Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы шайлоо тилкесинде эки урна иштебей калды

Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы шайлоо тилкесинде эки урна иштебей калды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттер менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, ал маселе атайын адистер тарабынан чечилип жатканын кошумчалады.

"Урналар боюнча маселелер болууда, бирок ал массалык эмес. Жер-жерлерде мобилдүү топтор иштеп жатышат", - деди Шайлдабекова.

Буга чейин SUPER.KG порталына Кочкор районунун тургуну кайрылып, №4144-шайлоо тилкесинде "компьютерлер бузулду" деген шылтоо менен ыплас шайлоо өтүп жатканын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uson13
2016-12-11 18:38:47
Эмне ар дайым Кочкор районунда урна иштебей калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан