Баткен облусунда шайлоочулардын 40 пайызы добуш берүүгө катышты

Баткен облусунда шайлоочулардын 40 пайызы добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Алимбек Матмуратов билдирди.

"Баткен шаарында ички жана тышкы миграцияга кабылгандар көп. Мындан улам шайлоочулар аз. Учурда саат 18:00гө карата шайлоочулардын 40 пайызы гана добуш берүүгө келди. Саат 20:00гө чейин 50 пайыздан ашат. Шайлоо тилкелеринде эреже бузуу фактылары катталган жок", - деп билдирди Матмуратов.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 200 шайлоо тилкеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uson13
2016-12-11 18:33:06
40% дегениңерге мен ишенбейм себеби шайлоого барам деген 100 адамдын ичинен 10ну гана барды деп ойлойм ошондо 10% болот
+4
AiBoru
2016-12-12 07:08:17
Ошол барган адамдар жалан кандидатурасын койгондордун туугандары эле барышты го. Башка эчким деле барган жок
бул жерде миграциянын тиешеси жок. Ошол жерде жашап эле барбай койгондор болду. Канча ишенип шайласак ишеничибиз акталган жок, эми акталмак беле деп барышпай калды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан