Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум таза, ачык, бардык саясий күчтөргө бирдей шарттар түзүлүү менен өттү. Муну премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда шайлоо комиссияларына жардамдашуу боюнча Республикалык штабдын жыйынтыктоочу кеңешмесинде айтты.
“Жарандардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын активдүү позицияларынан улам шайлоо өнөктүгүнүн жана референдумдун жүрүшүндө келип чыккан кемчиликтерге мамлекеттик органдар жеринде ыкчам түрдө чара көрүп жатышты. Болуп өткөн шайлоо жана референдум саясий туруктуулуктун кепилдиги жана өлкөнүн экономикалык ырааттуу өнүгүүсү боло алат", - деди өкмөт башчы.
Эскерте кетсек, бүгүн 22 шаардык, 389 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдум өттү.