Тайырбек Сарпашев шайлоодо иштеген операторлор колуна эмнеге 8000 сом эмес, 6200 сом алышарын түшүндүрдү

Жергиликтүү кеңешке шайлоодо жана референдумда иштеген ар бир оператор колуна 6200 сом алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 11-декабрда республика боюнча 9 миңге жакын оператор иштеди. "Келишимге ылайык, ар бир операторго 8000 сом берилери айтылган, бирок салык кармалып, ар бир операторго колуна 6200 сомдон берилмекчи", - деди Сарпашев.

Айта кетсек, аймактарда иштеген операторлор SUPER.KG'ге кайрылып, аларга шайлоодо иштегени үчүн 8000 сом төлөнөрүн айтышып, бирок 6200 эле сом берилерине нааразычылыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ruslanz
2016-12-12 08:58:52
Былтыр бир айдан кийин алганбыз. Жол киреге эле 1500 сомдой кеткен. Быйыл камераны кошуп коюшуптур, аябай кыйын болду. Кары кишилерди 50 аракетке чейин кылдык. Добуш бербей эле кете бериниз десек баламды, тууганымды кантип шайлабай калам дешет.
+5
Topchubai
2016-12-12 11:05:42
ruslanz,быйылкы шайлоо женил болду го.Чек сактабай эле дароо жыйнаштырып,уйго тарадык.
0
ruslanz
2016-12-12 11:38:59
Topchubai,Силерде жергиликтуу кенешке да шайлоо болдубу.
0
modern-group
2016-12-12 09:04:43
операторлор озу эле 56 миллион сом алып койгонго шордулар !
+6
Adilet2014
2016-12-12 09:44:14
мен элдердин биометрикалык каттоодо оператор болуп иштегендерге кунуно 250 сомдон толоноору айтылган... биз 1.5 ай толук суукка карабай ар бир организацияда барып иштегенбиз аягында эч кандай акча толонгон жок го
+3
tyrgon
2016-12-12 09:45:39
Калганын жеп койдуда!
0
Topchubai
2016-12-12 11:04:08
Былтыр 9000 деп,аягында 7500 алганбыз.Быйыл коп кармалабы?
0
civic93
2016-12-12 11:18:22
Айтканынардан кийин бер Тайыр
+1
aitiem
2016-12-12 11:39:47
Короче эптеп алдадыда силерди
+1
Taalai94
2016-12-12 16:28:54
Качан берет екен акчабызды же уктадыкпы?
0
taalai9411
2016-12-12 17:54:06
Ошондо не 1800 сом налог кармайбы
0
Kroxa
2016-12-12 22:10:26
6200 берсе да жакшы берп элекго..
0
Rakyl12
2016-12-12 23:39:21
бизге бугун департамент кадастрдан кат келди 6200 салык, соц фонду менен деп. Ошондо 4960с алып калабыз. Или кылып уурдамай заман.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан