Келерки президент ким болот? Фавориттер өзгөрүүсүз калууда

Келерки президент ким болот? SUPER.KG порталында сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды. Келерки жылы Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өтөт. Саясий күчтөр шайлоого даярдыкты азыртадан башташты. Буга карата SUPER.KG порталы "Жакында президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бермексиз?" деген сурамжылоо жүргүзүп жатат.

Сурамжылоонун 28-ноябрдан 12-декабрга чейинки айлампасында алдынкы бештикте мурунку айлампалардан өзгөрүү байкалган жок. Алдыда Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Чубак Жалилов, Өмүрбек Текебаев келе жатат. Ажо Алмазбек Атамбаевдин командасынан талапкер болуп чыгышы мүмкүн делген адамдардын арасынан Сапар Исаковго ишеним артчулар көбүрөөк. Сурамжылоонун бул айлампасында Сапар Исаков Аида Салянова, Темир Сариевден алдынкы позицияны ээлей алды. Бийликтин атынан келерки президенттик шайлоого талапкер катары чыгат деп айтылып жаткан Сооронбай Жээнбековго SUPER.KG порталынын окурмандары көп ишеним артпай турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан