Талас шаарында жүк ташуучу унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 12-декабрда билдирди.
"Куткаруучулар Сухэ-Батор көчүсүндөгү жүк ташуучу базанын аймагында мамлекеттик номери IS 44 SRV Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен 1956-жылы туулган Д.И. аттуу эркек адамдын жансыз денесин табышкан", - деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине тапшырып беришкени белгилүү болду. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.