Египеттен келген окутуучу дин кызматкерлерине 1 жумалык тренинг өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек жана Чүй облустарындагы дин кызматкерлерин Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетинин окутуучусу Ахмед аль-Шариф окутуп, билим деңгээлин жогорулатууга салым кошту. Тренингдин соңунда 40тан ашуун дин таануучуга Мусулмандар дин башкармалыгынан сертификаттар тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, сертификат тапшыруу аземине муфтияттын өкүлдөрү катышты.